Коом

Таласта өстүрүлгөн болгар калемпири Россия жана Казакстанга экспорттолууда

Талас облусунун Манас районунда болгар калемпиринин түшүмүн жыйноо иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл райондо Ласточка сортундагы калемпир 1 миң 350 гектар жерге эгилген.

«Учурда орточо түшүмдүүлүк гектарына 200-250 центнерди түзүүдө. Дыйкандар түшүмдү ички рынокко сатуу менен катар Россия жана Казакстанга экспорттоодо. Базарда болгар калемпиринин баасы сапатына жана көлөмүнө жараша орточо 40-45 сомду түзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Манас районунда болгар калемпирин өстүрүү акыркы жылдары экспортко багытталган айыл чарба продукциясынын маанилүү багыттарынын бирине айланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button