Коом
Президент жана жубайы «Апамдын каттамасында»

Социалдык тармактарда Президент Садыр Жапаровду жубайы менен «Апамдын каттамасынан» көрүшкөн видео тарады. Окуянын күбөлөрү таасирлери менен бөлүштү.
Келгендердин бири мамлекет башчысын алгач тааныбай калганын айтып, президенттин башка коноктордун арасында кадимки шартта отурганына таң калганын жазган.
Анын айтымында, президенттин келиши жолдордун жабылышы менен коштолгон эмес. Ошол эле учурда жанында күзөтчүлөр болгон.
Ошондой эле тасмада Президент коноктор менен жылуу учурашканын көрүүгө болот.
Видео тарткан жаран айрыкча протоколдук шарттын жоктугуна жана президенттин жөнөкөй жарандар менен бир жерде отурганына таң калганын белгилеген.



