Коом

Кыргызстан Кытайга малина, кулпунай жана карагат экспорттойт

Кыргызстан Кытайга малина, кулпунай жана карагат экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Кыргызстан менен Кытайдын фитосанитардык көзөмөл жаатындагы кызматташтыгынын алкагында кыргызстандык мөмө-жемиштерди Кытай рыногуна экспорттоо боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Документке ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн малина, кулпунай жана карагатты Кытайга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Министрликтин маалыматына караганда, буга чейин кыргызстандык жашылча-жемиштер негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка салттуу рынокторго экспорттолуп келген. Кытай рыногуна чыгуу экспорттун географиясын кеңейтип, өндүрүүчүлөргө жаңы сатып алуучуларды табууга шарт түзөт.

Ошондой эле ведомство кошумча наркы жогору мөмөлөргө болгон суроо-талаптын өсүшү Кыргызстанда мөмө-жемиш өстүрүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

Министрлик ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы чет элдик рынокторго чыгуу боюнча ишти улантарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button