Таласта 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебейт

Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди.
Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар (вулканизация) бар.
Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей бермекчи.
Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет.
Ошондой эле, 5 000 орундуу жаңы стадион жана «Баластан» балдар борборунун ачылышы каралган.
Шаар бийлиги бул күндөрү ырчылардан Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас келерин билдирген. Мындан тышкары, дрон-шоу жана фейерверк болот.



