Кыргызстанда жаңы өлчөөчү трансформаторлор октябрдын аягына чейин орнотулат

«Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 90 комплект өлчөөчү трансформаторду жеткирүү аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, сатылып алынган өлчөөчү трансформаторлор электр энергиясын так эсепке алууну камсыз кылууга, ошондой эле бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы релелик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүү иштешине багытталган.
Жабдууларды «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын өлкө боюнча филиалдарына орнотуу 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин пландалууда.
Жабдууларды жеткирүү «АльянсСпецТех» ЖЧКсы менен түзүлгөн, жалпы суммасы 41 млн 640 миң сомду түзгөн келишимдин негизинде жүргүзүлгөн. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Эске салсак, буга чейин «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын кампасына 122 миң 700 даана электр энергиясын эсептөөчү прибор кабыл алынган. Ошондой эле системанын иштеши үчүн зарыл болгон сервердик жабдуулар жеткирилген.
Эсептегичтер өлкө боюнча бөлүштүрүлүп, ар бир абонентке автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасын (АСКУЭ) орнотуу долбоорунун алкагында пайдаланылат.



