Дүйнө

Япониянын Нагоя шаарында рекорддук көлөмдө жаан жаады

Япониянын Нагоя шаарында 8-сентябрда рекорддук көлөмдө жаан-чачын жаады. Бул тууралуу жергиликтүү Nagoya TV телеканалы билдирди.

Бир сааттын ичинде шаарда 104,5 миллиметр жаан-чачын катталды. Бул байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Нөшөрлөгөн жаандан улам жолдорду, жер алдындагы жайларды жана темир жолдорду суу каптады.

JR жана Meitetsu темир жол линияларынын айрым тилкелеринде поезддердин каттамы убактылуу токтотулду. Шаардык метронун бардык линиялары да убактылуу ишин токтотуп, анын айынан көптөгөн тургундар үйлөрүнө өз убагында бара албай калышты. Кийинчерээк метро каттамдары акырындык менен калыбына келтириле баштады.

Сёнай дарыясында суу ташкыны коркунучуна байланыштуу эскертүүнүн эң жогорку — бешинчи деңгээли убактылуу жарыяланды. Нагоянын айрым райондорунда да коркунучтун бешинчи деңгээли киргизилип, тургундардан коопсуздугун тез арада камсыз кылуу талап кылынды. Бул тууралуу FNN Tokai TV телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Айти префектурасынын бийлигинин маалыматына караганда, суу кеминде 28 имаратка кирген. Нагоя, Китанагоя жана Кание шаарларында төрт адам жеңил жаракат алган.

Тектеш кабарлар

Back to top button