Коом
Баткенде 500 орундуу жаңы мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берүүгө даярдалды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 164 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери 2023-жылдын сентябрь айында башталган.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 3 миң 220 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт зал каралган.



