Кыргыз Республикасынын делегациясы ШКУ АТТ Кеңешинин кырк алтынчы жыйынына катышты

2026-жылдын 14-сентябрында Исламабад шаарында Пакистан Ислам Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн (ШКУ АТТ) Кеңешинин кырк алтынчы жыйыны болуп өттү.

Кеңешке Кыргыз Республикасынын атынан КР УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор Эрбаев Алишер Ташбаевич баштаган делегация катышты. Иш-чарага Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын делегациялары жана ШКУ АТТнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Кеңештин жыйынында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.
ШКУнун АТТ Кеңеши Иран Ислам Республикасына жасалган жаңы аскердик чабуулдарды айыптап, бул маселе боюнча ШКУ тарабынан мурда билдирилген позицияны дагы бир жолу ырастады. Ирандын Жогорку лидери Сейед Али Хаменеинин трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу Ирандын Өкмөтүнө жана элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Ирандын эгемендигин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча өз позициясын баса белгиледи жана чыңалууну басаңдатууга, тынчтыкты орнотууга жана аймактагы туруктуулукту камсыз кылууга багытталган аракеттерди колдоду.
ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгын координациялоо маселелери боюнча ШКУнун АТТ Кеңеши тарабынан мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү каралды. Ошондой эле ШКУнун АТТ Аткаруу комитетинин жана «жамандыктын үч күчүнө» каршы аракеттенүүнүн эң актуалдуу көйгөйлөрү боюнча эксперттик топтордун иш пландары бекитилди.
Тараптардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо максатында маалыматтык инфраструктураны түзүү жана өркүндөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.
2027-жылы терроризмге каршы аракеттенүү жаатында биргелешкен маалыматтык операция өткөрүү, Интернет тармагын террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууну өз убагында аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча практикалык семинар, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары үчүн Интернет тармагын террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууну аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча биргелешкен антитеррордук окуу-машыгуусун өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Казакстан Республикасында ШКУга мүчө мамлекеттердин жана Шанхай кызматташтык уюмундагы байкоочу мамлекеттин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгы боюнча он үчүнчү эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү пландаштырылды. ШКУнун АТТ Аткаруу комитетинин ишин уюштуруучулук жана кадрдык камсыздоо маселелери каралды.
ШКУнун АТТ Кеңешиндеги төрагалык Пакистан Ислам Республикасынан Россия Федерациясына өттү. Кеңештин жыйыны иштиктүү жана достук маанайда өттү.



