Таштанды таштагандар коомдук жумушка тартылат

Жогорку Кеңеш 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Дастан Бекешев.
Өзгөртүүлөргө ылайык, калктуу конуштардын аймагын көрктөндүрүү, тазалык жана тартип талаптарын бузган жарандарга эскертүү берилет же 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.
Эгер мыйзам бузуу айып пул салынгандан кийин бир жыл ичинде кайра кайталанса, күнөөлүү адам 20 саат коомдук иштерге тартылат.
Ошондой эле тиричилик, өндүрүштүк жана өнөр жай таштандыларын белгиленбеген жерге кайрадан төгүү, топтоо же өрттөө 20дан 30 саатка чейин коомдук иштер менен жазаланат.
Өзгөртүүлөр аймактарды көрктөндүрүү эрежелерин жана таштандыларды туура башкаруу талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.



