Пайдалуу кеңештер

Ооруну басаңдатуучу дарылар ден соолукка коркунуч жаратышы мүмкүн

Дарыгер Сара Марин Бербелл кеңири колдонулган ооруну басаңдатуучу ибупрофен ден соолукка коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти. Анын эскертүүсүн El Confidencial басылмасы жарыялады.

Бербеллдин айтымында, адам ооруп жаткан учурда ибупрофенди дарыгердин көрсөтмөсү менен кабыл алса болот. Бирок препаратты ашыкча колдонуу олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Дарыгер ибупрофен бөйрөктүн иштешине терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин белгиледи. Анын бейтаптарынын бири этек кир учурундагы ооруну басаңдатуу үчүн ибупрофенди үзгүлтүксүз колдонуп жүргөн. Кийин кан анализдеринен бөйрөктүн иштешинде өзгөрүү аныкталган.

«Ибупрофенди маал-маалы менен кабыл алуу бир башка, ал эми аны жума сайын колдонуу таптакыр башка», — деп белгилеген адис.

Дарыгердин айтымында, эгер адам ооруну басаңдатуучу дарыларга дайыма муктаж болуп жатса, оорунун себебин аныктоо зарыл. Ооруну убактылуу басаңдатуу менен гана чектелбеш керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button