Пайдалуу кеңештер
Дарыгер күзүндө рационго өтө пайдалуу бир азыкты кошууну сунуштады

Дарыгер-эндокринолог Маргарита Белоусова RT телеканалына берген маегинде күз мезгилинде рационго имбирди кошууну сунуштады.
Анын айтымында, суук тийүү күчөгөн маалда сезгенүүгө каршы касиетке ээ татымалдарды, анын ичинде имбирди колдонуу пайдалуу. Адистин белгилешинче, имбирдин курамындагы гингеролдор сезгенүүгө каршы таасиринен тышкары, денеде жылуулук сезимин пайда кылат.
Имбирди суусундуктарга, шорполорго, жашылча жана балык тамактарына кошсо болот. Ошондой эле күз мезгилинде куркуманы да рационго киргизүүгө болот.



