Коом

Бишкекте баасы 182,6 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда бала бакчанын имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Алардын жалпы баасы 182 млн 624 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан объект 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында социалдык объект муниципалдык менчикке кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button