Коом

Бишкек Аренанын ачылышында 10 жерден акысыз автобустар каттайт

5-октябрда Бишкек шаарында «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Шаар тургундары жана коноктору үчүн стадионго жеткирүүчү акысыз автобустар 10 жерден каттайт. Автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүнчүлөрдү стадионго жеткирет. Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр кайра жеткирилет.

Автобустар төмөнкү жерлерден жөнөйт:

  1. «Түбөлүк от» — Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү;
  2. Батыш автовокзалы — Жибек Жолу проспектиси – Кулиев көчөсү;
  3. «Киркомстром» — Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
  4. «Асанбай» кичирайону — А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
  5. «Ак-Кула» автовокзалы — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  6. «Аламүдүн-1» кичирайону — Ауэзов көчөсү, 4;
  7. «Көк-Жар» конушу — Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү;
  8. Т. Фрунзе көчөсү — Гагарин көчөсү, 284;
  9. Абдымомунов көчөсү, 220;
  10. Сухэ-Батор көчөсү — «Глобус» дүкөнү.

Мэрия жүргүнчүлөргө автобус токтоочу жайларга алдын ала келип, акысыз транспорт менен пайдаланууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button