Бишкекте милиция кызматкерлери борбор калаанын улгайган тургундарына жардам көрсөтүштү

Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери борбор калаада жашаган улгайган тургундардан кабар алып, аларга колунан келген жардамдарын көрсөтүштү. Маалыматты Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
50дөн ашуун ата-энебизге биринчи керектелүүчү азык-түлүктөр жана башка керектүү буюмдар тапшырылды. Жолугушуулар жылуу жана жагымдуу маанайда өттү.
Борбор калаанын улгайган тургундары милиция кызматкерлерине көңүл буруп, камкордук көргөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти. Алар үчүн өзгөчө маанилүүсү — колдоону сезүү жана көңүл сыртында калбоо экенин белгилешти.
Өз кезегинде милиция кызматкерлерине бекем ден соолук, кызматында ийгиликтерди, сабырдуулукту жана бакубат жашоону каалашты.
Бишкек шаарынын ИИББгы улуу муунга кам көрүү социалдык жоопкерчиликтин маанилүү бөлүгү экенин белгилейт. Бул өзгөчө күнү милиция кызматкерлери борбор калаанын бардык улгайган тургундарын куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр, жан дүйнө тынчтыгын жана жакындарынын камкордугун каалашты.



