Коом
ЖКККБ Бишкекте автобус тилкелери менен жүрүү эрежелерин эскертти

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди пайдалануу эрежелерин айдоочуларга эскертти.
Дүйшөмбүдөн жумага чейин 08:00дөн 20:00гө чейин жеке унаалардын бул тилкелер менен жүрүүсүнө тыюу салынат. Бирок жол эрежелерин сактоо менен жүргүнчүлөрдү түшүрүү же отургузуу үчүн кыска убакытка токтоого уруксат берилет.
20:00дөн 08:00гө чейин жеке унаалар бөлүнгөн тилкелер менен чектөөсүз жүрө алышат.
Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү жеке унаалардын автобус тилкелери менен күн бою жүрүүсүнө уруксат берилет.
Эрежени бузган айдоочуларга УПСМ кызматкерлери протокол түзүшү мүмкүн. Мындан тышкары, мыйзам бузуу фактылары «Коопсуз шаар» системасынын камералары аркылуу да катталат.



