Психолог-педагог балдарды тарбиялоодо колдонулуучу туура жазаны атады

Балдарды тарбиялоодо жаза баланын жасаган туура эмес ишинен логикалык түрдө келип чыгышы керек. Ал эми физикалык күч колдонууга жол берилбейт. Бул тууралуу психолог-педагог Дарья Дугенцова RT басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, баланы физикалык жактан жазалоо анын психикасына олуттуу жана орду толгус зыян келтириши мүмкүн. Ошондой эле жазалоо максатында баланы атайылап көңүлгө албай коюу да натыйжалуу ыкма эмес.
Адис ата-энелер баласынын туура эмес ишинин кесепеттерин өздөрү жоюп салбашы керектигин белгиледи.
«Бала өзү тазалап, кетирген катасынын кесепетин өзү оңдоосу маанилүү. Жаза баланын жасаган ишине түздөн-түз байланыштуу болушу керек», — деди Дугенцова.
Анын белгилешинче, ата-эне балага туура эмес кылган ишинин кесепетин түшүндүрүп, ошого ылайык чара көрүшү керек.



