Кыргызстанда тубаса оорулары бар балдарды Германияда акысыз дарылоого тандоо өтөт

12–13-октябрда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тубаса оорулары бар балдарды текшерүү жана Германияда акысыз дарыланууга тандоо боюнча акция өтөт.
Иш-чара Саламаттык сактоо министрлиги менен «Вместе к здоровью» коомдук фондунун кызматташтыгынын алкагында Германиянын Friedensdorf International кайрымдуулук уюмунун катышуусунда уюштурулууда.
Акциянын негизги максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн оорулуу балдарына жардам берүү. Адистер ата-энелерге кеңеш берип, Германияда акысыз диагностикадан өтүп, операция жасатууга мүмкүнчүлүгү бар балдарды тандашат.
Балдарды тандоодогу негизги критерий — ооруну Кыргызстандын клиникаларында дарылоо мүмкүн эместиги.
Кайрылуу үчүн фонддун координатору Нуриса Джапаровага байланышса болот: 0557 54 07 77 (чалуу жана WhatsApp).



