Окуялар

Москвада кыргызстандык жигитти уурдоого шектелген үч адам кармалды

Бул тууралуу 7-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 5-октябрда болгон. Буга чейин социалдык тармактарда окуя тартылган видео тараган. Анда төрт жигит жана бир кыз жаш жигитти унаанын багажнигине салып жатканы көрүнөт.

Күбө аларды токтотууну сурап, полиция чакырарын айткан. Шектүүлөр болсо жигит кызга карата кылмыш жасаганын айтып, анын бир туугандары аны менен өздөрү эсептешерин билдиришкен.

Министрликтин маалыматына караганда, окуяга катышкандардын баары, анын ичинде жабырлануучу да, Кыргызстандын жарандары.

Учурда полиция үч шектүүнү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси — «Адам уурдоо» боюнча кармаган.

Окуя Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Тектеш кабарлар

Back to top button