Бакуда кыргыз тили жана адабияты борбору ачылды

Азербайжандын мамлекеттик педагогикалык университетинде кыргыз тили жана адабияты борбору ачылды. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун коомдук бирикмеси билдирди.
Борбор студенттерге жана кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыккан бардык адамдарга тилди өздөштүрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын маданияты жана адабияты менен таанышууга көмөк көрсөтөт.
Ачылыш аземине университеттин жетекчилиги, Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттары, окутуучулар, студенттер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын атынан форумдун вице-президенти Динара Жумабаева барды. Ал борборду түзүүнүн демилгечиси, университеттин проректору Махира Гусейновага кыргыз-азербайжан маданий кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы медалды тапшырды.
Ошол эле учурда бирикменин маалыматына ылайык, борбордун ачылышына Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси жана элчиликтин башка кызматкерлери катышкан эмес.



