Коом
«Талас Арена» стадиону 2-ноябрда ачылат

Талас шаарындагы «Талас Арена» стадионунун ачылышы 2-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күнү Жогорку лиганын 29-турунун алкагында Беш-Күңгөй айылындагы «Талант» жана Таластын «Азия» клубдары беттешет.
«Талас Арена» стадиону «Азия» футбол клубунун үй аренасы болот. Клуб быйыл түзүлүп, аймакта футболду өнүктүрүү максатын көздөйт.
Заманбап талаптарга жооп берген жаңы стадион 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабылган.
Спорттук комплексте жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери аяктап, унаа токтотуучу жай каралган. Ошондой эле стадиондо калыстарга видеокайталоо аркылуу жардам берүүчү VAR системасын орнотууга шарт түзүлгөн.



