Жогорку Кеңеште Жусуп Абдрахманов тасмасы көрсөтүлөт

Бүгүн, 15-октябрда, Жогорку Кеңеште Жусуп Абдрахманов тууралуу «Жусуп» тарыхый тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, тасма парламенттин чоң залында депутаттарга, аймактардан келген конокторго, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнө жана башка уюмдардын өкүлдөрүнө көрсөтүлөт.
Режиссёр Таалайбек Кулмендеев тарткан «Жусуп» тасмасы быйыл сентябрда экранга чыккан. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына карата тартылган. Тасмага 100 миллион сом жумшалган.
Бирок тасма жарык көргөндөн көп өтпөй сынга кабылган. Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов тасманы ийгиликсиз деп атап, анын жаратуучулары туугандары менен кеңешпегенин жана үй-бүлөлүк архивдеги материалдарды колдонбогонун билдирген.
Мындан тышкары, көрүүчүлөр жана эксперттер тасмадагы фактылык каталарды, тарыхый окуялардын эркин чечмеленишин жана Жусуп Абдрахмановдун өмүр баянындагы айрым маалыматтарга дал келбеген жагдайларды сынга алышкан.



