Коом
Дөмөр айылында 166 млн сомдук мектеп курулду

Манас шаарына караштуу Дөмөр айылында 275 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, долбоордун жалпы баасы 166 млн сомду түзгөн.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 2 980 чарчы метрди түзөт. Мектепте заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана керектүү жабдуулар менен камсыздалган спорт зал каралган.
Мектептин курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда бардык иштер толук аяктап, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.



