Саясат

Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барып түштү. Бул туурасында «Ынтымак ордо» билдирди.

Мамлекет башчынын Ереван шаарындагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.
Президентти учактын тепкичинен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аба майдандын аймагына кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилип, Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинди.

Эске салсак, расмий сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча өтүүдө.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button