Коом
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун алкагында Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 14-октябрдан 29-октябрга чейин жүргүзүлүүдө.
Каттоодон Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) электрондук платформасы аркылуу райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн өтүүгө болот.
Толук маалымат борбордун сайтында жарыяланган.
Каттоо боюнча суроолор болсо, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү ЖРТга жооптуу адистерге же ББОУБнын 0502, 0500, 0503 66 48 38 телефон номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Чалуулар иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.



