Коом

Сезим Жуманазарованын жигити колун сурады

Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазаровага үйлөнүү сунушу түштү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Сезимдин болочок жолдошунун аты — Илгиз. Комментарийлерде анын да спортчу экени жазылууда.

Үйлөнүү сунушу Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында жасалган.

Сезим Жуманазарова — эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү. Ал жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында, ошондой эле кадеттер жана жаштар арасындагы Азия чемпионаттарында байгелүү орундарга ээ болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button