Коом

УКМК: Бишкектин  аймагында психотроптук заттарды мыйзамсыз саткан канал аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанга тыюу салынган психотроптук заттарды мыйзамсыз алып келүү боюнча ири каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, комплекстүү ыкчам иш-чаралардын алкагында психотроптук заттарды камтыган таблеткаларды сатуу учурунда жеткирүүчү , фармацевт жана ири каналдын уюштуруучусу кылмыш үстүндө кармалды. Аталган таблеткалар «Лирика» («Magnus PREGALAX 300») жана эл арасында «Тропикамид» деген аталыштар менен белгилүү.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button