Коом

Жамиля Жаманбаева Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантрантова менен жолукту

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантрантова менен жолугушту.

Жолугушуу 16-октябрда Москва шаарында өттү. Тараптар жарандардын укуктарын коргоодогу негизги маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун эң маанилүү маселеси катары биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси болду.

Белгилей кетсек, КМШ айдыңында алгачкылардан болуп сунушталдып жаткан бул долбоор эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо жана ыкчам чечүү үчүн бирдиктүү аянтча болууга багытталат.

Борбордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында тараптар Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Жумушчу топ борбордун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап, ыйгарым укуктарды бөлүштүрүп, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүнүн макулдашылган механизмдерин иштеп чыгууга тийиш.

Мындан тышкары алар өз өлкөлөрүндө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо маселесине да өзгөчө көңүл бурушту.

Жамиля Жаманбаева менен Яна Лантратова мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жарандар үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоонун туруктуу механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Эске сала кетсек, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова 30-сентябрда Кыргызстанга келип, Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев менен жолгушкан.

.

Тектеш кабарлар

Back to top button