Саясат

Садыр Жапаров: Биздин максат — ак ниет ишкерге ашыкча тоскоолдук жаратпай, мамлекеттик финансылык тартипти бекемдөө

Биз мамлекеттик аудиттин ишинде жаңы деңгээлге чыгышыбыз керек. Мыйзам бузуулар болуп кеткенден кийин анын кесепеттерин жоюу менен чектелбестен, алардын алдын алууга жөндөмдүү болуусу кажет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине жолдогон куттуктоо сөзүндө айтылат.

Мамлекет башчысынын айтымында, бүгүн мамлекеттик аудитке болгон талап жогорулап, бюджеттик каражаттын сарпталышын текшерүү менен катар анын мамлекетке жана элге кандай натыйжа бергенин аныктоо маанилүү. Аудиттин натыйжасы мамлекеттик башкаруудагы конкреттүү өзгөрүүлөр жана берилген сунуштардын иш жүзүндө аткарылышы менен өлчөнүшү керек.

Президент белгилегендей, санариптик механизмдердин өнүгүшү, анын ичинде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана электрондук эсеп-фактуралар чарбалык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатып, көмүскө экономиканы аныктоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Бул мамлекеттик аудиттин ишин жеңилдетүүгө өбөлгө болду.

Ошондой эле мыйзамдык базанын өркүндөтүлүшү жана ишкерлерге берилүүчү жеңилдиктердин шарттарынын такталышы административдик жүктү азайтып, көзөмөл ресурстарын тобокелдиги жогору багыттарга топтоого шарт түзүүдө.

«Биздин максат — ак ниет ишкерге ашыкча тоскоолдук жаратпай, мамлекеттик финансылык тартипти бекемдөө», — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгын, аудиторлордун калыстыгын жана кесиптик принципиалдуулугун сактоо зарылдыгын белгилеп, аудиттин ар бир корутундусу мыйзамга, так далилдерге жана эл аралык стандарттарга негизделиши керектигин айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Эсеп палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button