Коом

Кыргызстан жеке саякат үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды

Кыргызстан Solo Adventure Travel 2026 эл аралык рейтингинде биринчи орунду ээледи. Рейтингди Much Better Adventures туристтик платформасы түзгөн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Италия, Япония, Португалия, Испания жана Норвегия сыяктуу популярдуу туристтик багыттарды артта калтырган.

Рейтингди түзүүдө саякатчылардын коопсуздугу, жаратылыш кооздуктары, тоо туризминин мүмкүнчүлүктөрү, саякаттын жеткиликтүүлүгү жана уникалдуу маршруттардын ар түрдүүлүгү эске алынган.

Дайырбек Орунбековдун белгилешинче, Кыргызстандын эл аралык деңгээлде таанылышына өлкөдөгү саясий туруктуулук, коопсуздуктун бекемделиши, мамлекеттик реформалар, инфраструктуранын өнүгүшү жана дүйнө коомчулугуна ачык болуу өбөлгө түзгөн.

«Биздин тоолорубуз, көлдөрүбүз жана кооз жаратылышыбыз мурда эле бар болчу. Бирок азыр өлкөдө туруктуулук бекемделип, дүйнөдөгү таанымалдыгыбыз өсүп, туристтердин Кыргызстанга болгон ишеними артты», — деди ал.

Орунбековдун айтымында, буга чейин Кыргызстан эл аралык аренада көбүнчө саясий толкундоолор, туруксуздук жана жакырчылык менен байланышып келген. Азыр болсо өлкө жаратылышы, меймандостугу жана саякаттоо мүмкүнчүлүктөрү менен таанылып жатат.

Ошондой эле ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар Кыргызстанга болгон кызыгууну арттырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

«Бул жөн гана туристтик рейтинг эмес. Бул — Кыргызстандын эл аралык имиджинин бекемделип жатканын көрсөткөн дагы бир белги. Туруктуу мамлекетке ишеним артылат. Ал эми ишеним бар жерге туристтер, инвестициялар жана өнүгүү келет», — деп баса белгиледи Орунбеков.

Рейтингдин алдыңкы ондугуна Кыргызстан, Италия, Япония, Португалия, Өзбекстан, Францияга караштуу Реюньон аралы, Испания, Норвегия, Танзания жана Непал кирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button