Коом

Жогорку окуу жайлар жаңы адистиктер боюнча окута баштады

Жогорку окуу жайлар быйыл жаңы адистиктер боюнча окута баштады. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Айнура Исираилова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Исхак Раззаков атындагы КМТУ быйыл IT-архитектура, киберкоопсуздук, блокчейн технологиялары жана маалыматтарды талдоо багыттары боюнча студенттерди кабыл алды.

Мындан тышкары, робототехника жана статистика багыттары боюнча адистерди даярдоо башталды. Статистика адистиктери өлкөнүн жогорку окуу жайларында бир нече жылдан бери жок болчу.

Исираилова белгилегендей, Кыргызстанда жалпысынан 85 жогорку окуу жайы бар. Анын 30у мамлекеттик, 55и жеке менчик.

Тектеш кабарлар

Back to top button