Коом
20-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо-1» жана «Ала-Тоо-2» конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт

20-октябрда аталган конуштарда саат 09:00дөн 20:30га чейин ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу «Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Суу өчүрүү турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык, өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет.
Убактылуу чектөө «Ала-Тоо» суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкекводоканал» тургундарды жана мекеме-уюмдарды алдын ала суу камдап алууга чакырып, жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.



