Коом

Майыптыгы бар 50 адам Шакиранын концертин акысыз көрдү

Кыргызстандагы үч социалдык стационардык мекеменин кызмат алуучулары үчүн дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концертине 50 орун берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, президенттин чечими жана президенттин Иш башкармалыгынын колдоосу менен балдар жана майыптыгы бар адамдар концертке катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Министрлик мындай демилгелер социалдык интеграцияны бекемдөөгө, маданий иш-чаралардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана коомдо тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button