Садыр Жапаров Мухтар Аблязовдун сөзүн төгүндөдү

Президент Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Садыр Жапаров менен 40 мүнөт сүйлөшкөм, акча сураган” деген дооматтарын кескин түрдө төгүндөдү. Бул тууралуу мамлекет башчы «Super.kg» порталына берген маегинде билдирди.
Президенттин айтымында, ал Аблязовду тааныбайт, 2020-жылы Октябрь окуялары маалында Мелис Аспековдун суранычы менен болгону эки гана мүнөт телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошол учурда Аблязов Кыргызстанга келип, Казакстанда революция уюштурууга жардам сураганын, бирок мамлекет башчы аны так кесе четке какканын билдирди.
«Биринчиден, мен коңшу өлкөлөрдүн саясатына кийлигишпейм. Экинчиден, сиздин айыңыздан Казакстан менен мамилени бузбайм, келбей эле коюңуз дегем. Болгону эки эле мүнөт сүйлөшкөнбүз, 40 мүнөт эмес. Өзү кайырчылык кылып жүргөн кишинин мени «акча сураган» дегени логикага да туура келбейт», — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле президент чет өлкөдө жүргөн айрым мекендештердин жана качып жүргөн саясатчылардын билдирүүлөрүнө көңүл бурбай турганын, анткени алар жалган жомокторду токуп жатышканын кошумчалады.



