ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Алты айлык баламды кайын энеме бербеймин десем, мени жаман көрүп калышты

Бир жыл мурун ата-энемдин каршылыгына карабай турмушка чыккам. Ал кезде сүйүүмө ишенип, баары жакшы болот деп ойлогом. Ата-энемдин айткан сөздөрүн укпай, өз бактымды өзүм тандадым. «Кийин баары жакшы болуп кетет, мени түшүнүшөт» деп өзүмдү сооротчумун.

Таанышууга барганда эле кайын энем баарына макул болгон. «Шаарда турушат, иштешсин, азыр жаш, өздөрү жашоосун курушсун» деген эле. Ошол сөздөрүнө ишенип, бул үй-бүлөгө келин болуп баргам. Бирок турмуштун чыныгы жүзүн убакыт өткөн сайын көрөт экенсиң.

Биз шаарга батирге чыктык. Бирок кайын журт бир тыйын беришкен жок. Чыгым болбосун деп жолдошум экөөбүз чоң той өткөрүүгө каршы болуп, айыл апаны эле чакырып бата алдык.

Арадан бир жыл өтүп, уулдуу болдук. Эне болуу бактысын сөз менен айтып жеткире албайм. Баламды биринчи жолу колума алган күнүм — өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөрдүн бири. Бирок ошол бакыттын артынан жүрөгүмдү ооруткан кабар келди. Дарыгерлер баламда дисплазия бар экенин айтышты.

Ошол күндөн бери баламдын ден соолугу үчүн чуркап жүрөбүз. Дарыгерге көрсөтүп, текшерүүдөн өткөрүп, жакшы болуп кетсе экен деп күнү-түнү тилек кылам. Эне үчүн баласынын ден соолугунан өткөн байлык жок экен. Баламдын ар бир кыймылын карап, жакшырып кетерине үмүт артам.

Бала төрөлгөнгө чейин офисте жумушта отуруп иштедим балким ошонун таасири болдубу. Бирок дарыгерлер сөөгү өсөт азыр жаш туура карап, туура дарылоо керек деп жатышат.

Бирок мага оор тийгени — баламдын оорусу эле эмес, жакындарымдын мамилеси болду. Кайын энем «жаңы төрөлгөн балада баары жакшы болушу керек эле» дегендей сөздөрдү айтып, баламды жактырбай жаткандай сезилет. Балам бул дүйнөгө ооруну өзү тандап келген жок да. Ал болгону мээримге, сүйүүгө жана камкордукка муктаж болгон наристе эмеспи…

Эми болсо кайын энем: «Балаңар алты айга чыксын, бизге бергиле. Биз багабыз, силер иштегиле» деп жатат. Алты айлык баламды кантип берем? Ал менин жүрөгүмдүн бир бөлүгү го. Аны тогуз ай бою курсагымда көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келдим. Түнү менен жанында отуруп, ар бир демин тыңшап, эмчек берип чоңойтуп жатам. Эми эле баламды өзүмдөн алыстатсам, кантип чыдайм?

«Эмчектеги баламды бербейм» десем, мени жаман көрүп калышты. Балким, аларга балага караганда акча маанилүүбү?

Мен баламды эч кимден кызганып жаткан жокмун. Болгону ал азыр мага муктаж. Анын курсагын тойгузуп, кучагыма кысып, жытын жыттап, жанында болгум келет. Мен үчүн баламды багуу жумушка караганда маанилүү болуп турган учур. Анын ден соолугу үчүн да азыр өзүм жанында болгум келет.

Кээде өзүмө суроо берем: «Мен ушундай жашоону тандап, туура кылдымбы?» деп. Ата-энемдин каршы болгону эсиме түшкөндө, ичимден бир нерсе үзүлгөндөй болот. Алар мени жамандык көрбөсүн, кыйналбасын деп каршы чыгышкандыр. Бирок мен сүйүүгө ишенип, өз жолумду тандагам.

Эми ата-энеме баарын айтып берсемби деп ойлоном. Бирок алардын жүрөгүн ооруткум келбейт. «Кызым, биз сага айтпадык беле» деген сөздү угуп калуудан корком. Анткени мен алардын алдында өзүмдү актагыдай абалда эмесмин. Мен болгону бактылуу болгум келген. Үй-бүлөм менен тынч жашап, баламды кучагыма кысып, эч кимге көз каранды болбой жашасам дегем.

Ансыз да бала төрөлгөндөн тартып ата-энем жардам берип керектүүнүн баарын сатып берип жатышат.

Күйөөмө да оңой эмес. Бирок кээде аял киши күйөөсүнөн бир эле нерсени күтөт экен: «Бул сенин балаң, сенин үй-бүлөң. Мен экөөңөрдү коргойм» деген сөздү. Эненин жүрөгүнө кээде миңдеген кеңеш эмес, бир ооз колдоо жетиштүү болот экен.

Мен азыр байлык сурабайм, кымбат кийим же чоң үй да сурабайм. Болгону баламдын ден соолугу жакшырып, өзүмдүн жанымда чоңоюшун каалайм. Кайын энем мени жакшы көрбөсө да мейли, бирок баламды кемчилиги бардай көрбөсө экен. Ал да башкалардай эле мээримге татыктуу наристе.

Кээде түн ичинде баламды эмизип отуруп, көзүмө жаш алам. Уулумду карап: «Балам, сенин эч кандай күнөөң жок. Сен менин эң чоң бактымсың. Мен сени эч качан жалгыз калтырбайм. Колумдан келгендин баарын жасап, ден соолугуң үчүн күрөшөм» деп ичимден сөз берем.

Мен турмушка чыкканда бир үйдүн келини болом деп ойлогом. Бирок азыр өзүмдү бирөөлөрдүн көңүлүн табууга аракет кылып жүрүп, өз бактым үчүн күрөшүүнү унутуп калгандай сезем.

Бирок менин жашоом эми эле башталды. Балам үчүн күчтүү болушум керек. Анын ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин сунуштарын аткарып, колдон келгендин баарын жасайм. Ким эмне десе да, баламды мээрим менен чоңойтом.

Анткени мен үчүн ал жөн гана бала эмес. Ал — менин жүрөгүм, менин үмүтүм, менин жашоомдун мааниси.

Айткылачы, мен эмчектеги баламды кайын энеме бербей, өзүм багам дегеним үчүн туура эмес кылып жатамбы?

Тектеш кабарлар

Back to top button