Коом
Ысык-Көлдө балык ресурстарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, адистер Ысык-Көл форелинин уругун алып, жасалма жол менен уруктандырып, андан соң атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштырууда.
Ал жерде балыктын чабактары өстүрүлөт.Бул иш-чаралар көлдөгү балык запастарын сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле экосистеманын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.



