Коом

Бишкекте 21-25-октябрь күндөрү бир нече көчөдө унаа кыймылы чектелет

Бишкек шаарында 21-октябрдан 25-октябрга чейин Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянттын айланасындагы бир нече көчөдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чектөөлөр «АгроТехЭкспо — 2026» жана «Алтын күз» аталышындагы айыл чарба көргөзмө-жарманкелеринин өткөрүлүшүнө байланыштуу.

Унаа кыймылы төмөнкү тилкелерде чектелет:

  • Раззаков көчөсүндө — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Орозбеков көчөсүндө — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Эски аянтта — Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин;
  • Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасында.

Жарманкеге келгендер үчүн Тышкы иштер министрлигинин мурдагы имаратынын жанында, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкектеги филиалынын аймагына жакын жерде атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.

Милиция чектөөлөр иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилип жатканын белгиледи.

Көргөзмөлөрдө фермерлердин жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, айыл чарба тармагынын жетишкендиктери, заманбап технологиялар жана айыл чарба техникалары көрсөтүлөт.

Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button