Коом

Бишкекте 5 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 21-октябрдан тартып беш автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул Махатма Ганди (мурдагы Муромская) көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу.

«№ 6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу каттап, № 4 шаардык ооруканасына кирбей өтөт. Ал эми № 23 жана 18-автобустардын каттамдарынын схемасына да убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттун кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button