Пайдалуу кеңештер
Диетолог картошканы даярдоонун эң пайдалуу ыкмасын атады

Диетолог Сандра Моньино картошканы пайдалуураак кылып даярдоонун жолун айтып берди. Бул тууралуу El Economista басылмасы жазды.
Адистин айтымында, картошканы даярдоонун эң пайдалуу ыкмасы — аны мешке бышыруу. Ошол эле учурда диетолог бышырылган картошканы эртеси күнү гана жегенди сунуштады.
Ал түшүндүргөндөй, ушул убакыт аралыгында картошкадагы крахмал туруктуу крахмалга айланат. Ал жоон ичегидеги пайдалуу бактериялар үчүн азык болуп саналат.
«Бул бактериялар табигый сезгенүүгө каршы касиетке ээ болгон май кислотасын иштеп чыгарат», — деп түшүндүрдү дарыгер.
Ошондой эле ал картошканы куркума, кара мурч жана имбирь сыяктуу татымалдар менен кошо, зайтун майын пайдаланып мешке бышырууну сунуштады.



