Коом

Бишкекте эки жылда электр энергиясын жеткирүү көйгөйү толук чечилет

Бишкекте эки жыл ичинде электр энергиясын жеткирүү боюнча көйгөй толугу менен чечилет. Бул тууралуу парламент жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, энергетика тарыхында биринчи жолу мамлекеттик бюджеттен бул тармакка 300 миллион доллар бөлүндү.

«Чуй облусунда кубаттуулугу 500 киловольттук «Кемин» подстанциясы бар, ошол жерден Кара-Балтадагы «Фрунзе» көмөк чордонуна чейин кошумча 500 киловольттук линия курабыз. Андан тышкары, Бишкекте дагы 500 киловольттук подстанция курулат. Ушунун баарын эки жылда бүтүрөбүз деген план бар», — деди министр.

Рысбеков кошумчалагандай, булардын баары курулуп бүткөн соң Бишкекте электр энергиясын жетирүү маселеси толугу менен чечилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button