Коом

Кыргызстандагы бардык мечиттер Муфтияттын балансына өткөрүлүүдө

Кыргызстанда жалпы 4 миң 470 мечит иштейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Учурда өлкө боюнча мечиттердин документтери текшерилип жатат. Документтери толук эмес мечиттердин так саны инвентаризация аяктагандан кийин белгилүү болот. Анын алгачкы жыйынтыгын жыл аягына чейин чыгаруу пландалууда.

Айрым мечиттердин жерине жана имаратына документтер толук эмес

Муфтияттын маалыматына караганда, көптөгөн мечиттер жергиликтүү тургундардын, жеке адамдардын жана демөөрчүлөрдүн каражатына курулган. Бирок алардын бардыгында эле тиешелүү документтер толук таризделген эмес.

Айрым мечиттердин жер тилкесине тиешелүү документтери, курулушка уруксаттары же имаратты пайдаланууга берүү актылары жок.

Мындан тышкары, кээ бир жер тилкелери башка максаттарга арналган болушу мүмкүн. Ошондой эле жерге же имаратка болгон менчик укугу толук катталбаган учурлар бар. Бул жагдайга мыйзамдардагы жана каттоо эрежелериндеги өзгөрүүлөр да таасирин тийгизген.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында мечиттердин документтери текшерилип, жер кимге таандык экени, имараттын документтери туура таризделгени жана объект каттоодон өткөнү такталууда.

Муфтият мечиттерди жабуу жөнүндө сөз болуп жатпаганын белгиледи. Негизги максат — алардын документтерин мыйзам талаптарына ылайык иретке келтирүү.

«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга ылайык, диний объекттер борбордук башкаруу органынын балансына өткөрүлүшү керек.

Ушуга байланыштуу мечиттер да муфтияттын балансына өткөрүлүүдө. Эгер объект жеке менчикте болсо, аны өткөрүү үчүн менчик ээсинин ыктыярдуу макулдугу жана мыйзамда белгиленген тартиптин сакталышы талап кылынат.

Мечиттердин электр энергиясына жана жылытууга кеткен чыгымдарын ким төлөйт?

Мечиттердин коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдарын көбүнчө жергиликтүү жамааттар, демөөрчүлөр жана кайрымдуулук кылуучулар төлөшөт. Бул чыгымдар мамлекеттик бюджеттен же муфтияттын каражатынан борборлоштурулган түрдө каржыланбайт.

Төлөмдүн көлөмү мечиттин аянтына, электр энергиясын керектөөсүнө жана жылытуу системасына жараша болот. Мечиттер көмүр, газ, электр энергиясы жана башка каражаттар менен жылытылат.

Муфтияттын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-майынан тартып диний объекттердин тиешелүү категориясы үчүн электр энергиясынын тарифи 1 киловатт-саатына 2 сом 96 тыйынды түзөт. Ал эми коммерциялык керектөөчүлөр үчүн тариф 4 сом 33 тыйын.

Тектеш кабарлар

Back to top button