Коом
Сауд Арабиясына Оман аркылуу жаңы каттамдар ачылды

Кыргызстандыктар эми Бишкек жана Ош шаарларынан Омандын борбору Маскат аркылуу Сауд Арабиясынын Жидда жана Медина шаарларына уча алышат.
«Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдиргендей, Бишкектен каттамдар жумасына төрт жолу: шейшемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми Ош шаарынан учактар жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү учат.
Эки багытта тең жүргүнчүлөр Маскат аркылуу Жидда же Медина шаарларына учуп, кайра Кыргызстанга кайта алышат.



