Быйыл 9 айда 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Дыйкан-фермерлердин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында быйыл 9 айда 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков «АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүнүн ачылышындө билдирди.
Анын айтымында, өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 106,5 пайызга жогорулагынын көрсөтүүдө.
Ал эми кайра иштетүү тармагында 92,7 млрд. сомдук продукция кайра иштетилип, 109,4 пайызды түздү.
Тармакта 75 ири-орто ишканалары, 9 соода логистикалык борборлор, 65 кооператив, 22 МТС түзүлүп, 1 724 айыл чарба техникалары лизингге берилди, 2 миң жаңы жумуш оруну ачылды, эл аралык сапат стандарттары 32 ишканада киргизилди.
“Кийинки жылдары айыл чарба продукцияларын экспорттоо географиясын кеңейтүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жатат, ошондой эле азык түлүк коопсуздугу туруктуу сакталганын айтсак болот. Айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү мурда 2 долбоор аркылуу ишке ашырылып келсе, быйыл 8 долбоор менен ишке ашырылып жатат. Бул долбоорлордун алкагында үстүбүздөгү жылдын 9 айында 10 453 чарбакерге 12 млрд 537 млн сомдук жеңилдетилген кредиттик каражаттар берилди», — деди министр.
Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков мамлекеттик колдоо чаралары Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун ишке ашыруу да агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп жатканын баса белгиледи.



