Коом

УКМК тарабынан баңги заттарды мыйзамсыз жүргүзгөн канал аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан  билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн бир нече эл аралык каналдарынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду: гашиш, марихуана жана мефедрон синтетикалык баңгизаты алынды

КР УКМК КР Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү «марихуана» баңгизаттарын жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, ага бөгөт койду. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан түзүлгөн, өлкө аймагында баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген туруктуу баңгизат тобунун ишмердүүлүгү аныкталды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген бир нече трансулуттук баңгизат топторунун ишмердүүлүгү аныкталып, аларга бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 15 млн сомдон ашкан баңгизаттар (мефедрон аттуу синтетикалык баңгизат, гашиш жана марихуана) алынды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргыз Республикасынын төрт жараны кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын тактоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button