Чет элдик жарандарга «Манас» аэропортунан өлкөдөн чыгуу визасы берилет

Кыргызстанда уруксат берилген мөөнөттөн ашык жүрүп калган чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгуу визасын интернет аркылуу алдын ала тариздей алышат. Ал эми 67 мамлекеттин жарандарына визаны түз эле «Манас» эл аралык аэропортунан алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө болуу мөөнөтүн бузган чет элдиктер чыгуу визасын алуу үчүн evisa.e-gov.kg расмий порталы аркылуу арыз бере алышат.
Мындан тышкары, Кыргызстанда болуунун жөнөкөйлөтүлгөн режими колдонулган 67 мамлекеттин жарандары учар алдында «Манас» аэропортунан чыгуу визасын тариздей алышат.
Алардын катарына АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция, Түркия, Япония, Түштүк Корея, Индонезия, Таиланд, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар жана башка мамлекеттер кирет.
Бирок аэропорттон виза алуу шашылыш тартипте жүргүзүлүп, анын баасы белгиленген тарифтен үч эсе жогору болот.
ТИМ учар алдында виза алууну пландаган чет өлкөлүк жарандар бардык жол-жоболордон өз убагында өтүү үчүн аэропортко эртерээк келиши керектигин эскертти.
Белгилей кетсек, аэропорттон чыгуу визасын алуу мүмкүнчүлүгү бекитилген тизмедеги 67 мамлекеттин жарандарына гана тиешелүү. Калган өлкөлөрдүн жарандары үчүн мындай тартип каралган эмес.
67 мамлекеттин толук тизмеси Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти тарабынан жарыяланган.



