Дүйнө

Грузияда оппозиция жаңы масштабдуу нааразылык акцияларын баштады

Грузиядагы оппозиция лидерлери масштабдуу нааразылык акцияларынын жаңы толкуну башталганын жарыялашты. Алгачкы акциялар өткөн дем алыш күндөрү Тбилиси шаарында өттү. Бул тууралуу DW басылмасы билдирди.

Ишемби жана жекшемби күндөрү Тбилисиде бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын саясатына каршы жүрүш уюштурулду. «Иванишвилисиз Грузия» деген ураандын алдында өткөн акцияны оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү уюштурган.

Нааразылык акциясы өлкөнүн Конституциялык сотунда оппозициялык партияларга тыюу салуу боюнча доо арыз каралып жаткан маалда өттү.

Маалымат каражаттарынын билдиришинче, жүрүшкө миңдеген адамдар катышып, Грузиянын, Украинанын жана Европа биримдигинин желектерин көтөрүп чыгышкан. Акция өтүп жаткан жерде коопсуздук кызматкерлеринин саны да көп болгону кабарланды.

«Өзгөрүүлөр үчүн коалициянын» лидери Ника Гварамия митингди нааразылыктардын жаңы толкунунун башталышы деп атады. Кийинки ири акцияны 28-ноябрда өткөрүү пландалууда.

Грузиядагы массалык нааразылык акциялары 2024-жылдын жазында чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу башталган. Кийин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңишинен соң нааразылыктар күчөгөн.

Ошол эле жылдын ноябрында бийлик өлкөнүн Европа биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн 2028-жылга чейин токтото туруу чечимин кабыл алгандан кийин саясий кризис тереңдеген. Нааразылык акциялары полиция менен кагылышуулар жана демонстранттарды көздөн жаш агызуучу газ, суу аткычтар менен таратуу учурлары менен коштолгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button