Коом
«Тазалык» таштандыны кечки саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштады

Бишкек шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын таштандыларды кечки саат 19:00дөн кийин чыгарууга чакырат.
Ишкананын маалыматына караганда, бул сунуш жол тыгындарын азайтып, таштанды ташуучу атайын техникалардын ишин натыйжалуу уюштурууга багытталган.
Кечки убакта жолдордогу унаалардын кыймылы азайгандыктан, таштанды ташуучу унаалар контейнерлерге тезирээк жетип, жумушун ыкчам аткара алышат.
Бул милдеттүү талап эмес, болгону сунуш. Таштандыны саат 19:00гө чейин чыгаргандыгы үчүн айып пул салуу тууралуу маалымат берилген жок.



