Жети-Өгүз районунда чоң бугу байкалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы капчыгайлардын биринен ири бугу байкалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Жон-Булак айылынын тургуну мал жайып жүрүп, бугуну көрүп, видеого тартып алган. Ал видеону министрликтин Ысык-Көл аймактык башкармалыгына жөнөткөн. Күбөнүн айтымында, бугу ушунчалык чоң болгондуктан, аттан да чоң көрүнгөн.
Буга чейин Ысык-Көл облусунда бугулар менен маралдар негизинен Түп жана Ак-Суу райондорунда катталган. Ал эми Жети-Өгүз районунда бугу мурда кездешкен эмес.
Министрликтин маалыматына караганда, бугунун бул аймакта пайда болушу жапайы жаныбарлардын табигый миграциясына байланыштуу болушу мүмкүн. Бул көрүнүш бугулар менен маралдардын таралуу аймагы кеңейип жатканынан кабар бериши ыктымал.
Ошондой эле бугунун жаңы аймактан табылышы жапайы жаныбарлардын таралышын жана алардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү изилдөө үчүн маанилүү маалымат болуп саналат.



