Ысык-Көлдөгү 23 курулуш объектиси текшерүүгө алынды

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 23 курулуш объектисинде рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Текшерүүнүн алкагында адистер курулуш иштеринин бекитилген долбоорго шайкештигин, коопсуздук эрежелеринин жана курулуш ченемдеринин сакталышын көзөмөлгө алышты.
Ведомстводон белгилешкендей, рейддин жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилет. Ошондой эле, курулуш талаптарын одоно бузган жана берилген көрсөтмөлөрдү аткарбаган подряддык уюмдарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлмөкчү.
«Курулуш тармагында мыйзамдуулукту, сапатты жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган мындай текшерүүлөр өлкөнүн бардык аймактарында системалуу түрдө улантылат», — деп билдиришти министрликтен.



