Окуялар
Чүйдө жаш жигит пневматикалык мылтык менен көчөдөгү адамдарды аткан

Чүй райондук ооруканасынан милицияга эки өспүрүм пневматикалык мылтыктан атылган октон жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Чүй облусунун милициясынын маалыматына ылайык, 2013-жылы туулган Т. Р. жана 2015-жылы туулган А. А. жаракат алышкан.
Тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган Т. У. аттуу жаран кармалды. Ал өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги «Hatsan AirTact» үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Алдын ала маалымат боюнча, аталган жаран 17-ноябрда саат 18:30 чамасында пневматикалык мылтык менен көчөгө чыгып, өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алган.
Шектүү Чүй РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



