Курулуш компанияларына жаңы талаптар коюлду

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жыйында курулуш объектилериндеги санитардык абал, жаңы талаптардын аткарылышы, курулуш компанияларынын жоопкерчилиги жана жарандардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Министр курулуш аянтчаларын жана алардын айланасын таза кармоо, курулуш калдыктарын өз убагында чыгаруу зарылдыгын белгилеп, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине кошумча түйшүк жаратпоону тапшырды.
Ошондой эле Нурдан Орунтаев курулуш объектиси «нөлдүк циклден» чыкмайынча батирлерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салынган буйрукту эске салып, аны так сактоону талап кылды.
Муну менен катар курулуш компанияларынын каржылык башкаруусун туура уюштуруп, долбоорлорду ишке ашырууда финансылык милдеттенмелерди алдын ала так пландаштыруу зарылдыгын белгиледи. Бул жарандардын турак жай сатып алууда тобокелдиктерге туш болушуна жол бербөө үчүн маанилүү экенин айтты.
Министр курулуш тармагындагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн, ошол эле учурда мыйзам талаптарын бузган компанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Мындан тышкары, курулушта чет өлкөлүк алдыңкы технологияларды колдонуу, заманбап долбоорлоо ыкмаларын киргизүү жана жаңы курулуш ченемдерин сактоо зарылдыгына токтолду.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, компания жетекчилери тармактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.



